akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2023-26-06, 03:32

    Июнда өлкө боюнча күйүүчү майдын баасы кымбаттады

    Кыргызстанда июнь айынын башынан бери күйүүчү-майлоочу майдын баасы кымбаттады. Мындай тыянактарды Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына таянып чыгарууга болот.

    Тактап айтканда, 1-июндан 23-июнга чейин АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 1,37 сомго, 60,36 сомдон 61,73 сомго кымбаттады.

    АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 1,48 сомго кымбаттаса, АИ-80 1,57 сомго кымбаттады. 

    АИ-80 үлгүсүндөгү бензиндин баасы тескерисинче арзандады, бирок болгону 0,91 сомго гана.