akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2021-08-09, 10:40

    Казакстанда АИ-92 бензини Кыргызстанга караганда 20 сомго арзан

    Бүгүнкү күнгө карата АИ-92 бензининин орточо баасы 56,5 сомго токтоду, бул Казакстанга караганда 20 сомго кымбат. Мындай маалыматтар Энергетика жана өнөр жай министрлиги тарабынан берилди.

    Учурда өлкөдө АИ-95 бензининин орточо баасы 60 сомго жеткен болсо, Казакстанда 41,9 сомдон сатылууда.

    Бирок мекеме күйүүчү-майлоочу майдын орточо баасы башка өлкөлөргө караганда төмөн экенин белгиледи. Маселен, Өзбекстанда АИ-92 65,5 сом, Арменияда 79,1 сом, Орусияда 54,2 сом турат.