akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2021-02-06, 05:35

    Кийинки жылдан тарта Казакстанда балдарга учуу акысыз болот

    Кийинки жылдан баштап Казакстанда Kids go free программасы иштей баштайт, ага ылайык 2 жаштан 14 жашка чейинки балдар акысыз учат, деп жазды Kursiv.

    Программаны 2022-жылдын 1-январынан тарта ишке киргизүү пландалууда. Авиабилеттердин наркы мамлекет тарабынан субсидияланат, бирок туристтик өнүмдүн бир бөлүгү катары сатылып алынган билеттерге гана акча кайтарылат. Бир ата-эне (же тууганы) экиден ашык эмес баласын ала алат жана барган жеринде беш күндөн кем эмес жашай алат.

    Бул программа Алакөл, Балхаш, Бурабай, Баянаул, Түркстан, Мангистау, Байконур, Алматы облусу, Имантау-Шалкар курорттук зонасы жана Нур-Султан сыяктуу багыттарга билеттерди гана камтыйт.

    Туристтер кандайдыр бир окуяны - семинарды, көргөзмөнү, конференцияны өткөрүү үчүн барышса, борборго билеттер субсидияланат.