akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2023-01-03, 07:31

    Кыргызстанда жыл ичинде жүгүртүүдөгү банк карталарынын саны 39,4% өстү

    Кыргызстанда 1-январга карата 5 миллион 236 миң банктык төлөм картасы жүгүртүүдө болду. Улуттук банктын маалыматына ылайык, жыл ичинде алардын саны 39,4%га өскөн.

    Төлөм карталарын түрү боюнча бөлүштүрүүдө "Элкарт" улуттук системасынын картасы басымдуулук кылат. Аларга 57,5% же 3 млн 11 миң 260 карт туура келет, 42,5%, же 2 млрд 224 млн 714 миң карта эл аралык системага туура келет. Ал эми эл аралык системалардын эң кеңири таралган карталары Visa – 2 млн 46 миң 402 (жалпысынан 39,1%).