Жарыяланган
2022-08-12, 08:57Быйыл январь-сентябрь айларында жергиликтүү бюджеттин кирешелери финансылык эмес активдерди сатуудан түшкөн каражаттарды кошкондо 26 миллиард 194,7 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу алар 7 миллиард 747,2 миллион сомго же 1,4 эсе көбөйгөн.
“Салыктык кирешелер 4 миллиард 357,6 миллион сомго (+30,9%), салыктык эмес кирешелер 893,6 миллион сомго (1,4 эсе), расмий трансферттердин түшүүлөрү 2 миллиард 496,4 миллион сомго (2,2 эсе) өстү”,- деп билдирди Улуттук статистикалык комитети.
Финансылык эмес активдерди сатуудан түшкөн киреше 0,3%га, же 300 миң сомго кыскарган.
“Кыргызстандын резиденттеринен, жеке жактардан түшкөн киреше салыгы 12 млрд 261,4 млн сомду же салыктык түшүүлөрдүн 66,5%ын түздү, патенттин негизинде 1,9 млрд сом (10,3%), мүлктөн 1 млрд 787,1 млн сом (9,7%), жер салыгынан 552,7 млн сом (3%)”, - деп айтылат мекеменин маалыматында.
Кошумчалай кетсек, салыктык эмес кирешенин басымдуу бөлүгү товарларды сатуудан жана кызмат көрсөтүүдөн түшкөн. Анын жалпы суммасы 1 млрд 392,4 млн сом (көлөмдүн 45,7%) болду.