akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2024-30-08, 12:06

    Жумуртка импортуна киргизилген чектөө алынат

    Ушул жылдын 3-сентябрынан тарта тоок жумурткаларынын импортуна киргизилген убактылуу чектөө алынат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кабарлады. 

    Маалыматка ылайык, убактылуу чектөө киргизилгенден кийин ата мекендик канаттуулар ишканалары тарабынан тоок жумурткаларын өндүрүү көбөйтүлгөн жана импорттук продукция менен атаандаштыкка жөндөмдүүлүк жогорулаган. 
     
    Эске салсак, 5-июндан баштап өкмөттүн токтому менен Кыргызстандын аймагына тоок жумурткаларын алып кирүүгө тыюу салынган. Бул чара ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого жана өлкөнү азык-түлүк жумурткалары менен камсыз кылууга багытталган.


    Тектеш материалды окуу

    • Жумуртка импортуна киргизилген чектөө алынат
      Ушул жылдын 3-сентябрынан тарта тоок жумурткаларынын импортуна киргизилген убактылуу чектөө алынат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кабарлады.
      2024-30-08 06:06:41