Жарыяланган
2022-16-08, 04:02Өткөн жылдын июнь айынан 2022-жылдын июнь айына чейин Кыргызстанда жумушсуздуктун деңгээли 0,2% кыскарды. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) маалыматы тастыктайт.
Алсак, июнь айынын акырына карата республика боюнча мамлекеттик иш менен камсыз кылуу кызматтарында 75,2 миң адам катталган, бирок Кыргызстан жумушчу күчүнө (2,9%) карата жумушсуздуктун деңгээли боюнча экинчи өлкө бойдон калууда.
Ошол эле учурда жумушсуз жарандардын эң көп саны Арменияда катталып, бул көрсөткүч 4,2%ды түзгөн.
Ал эми Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн ичинен жумушсуздуктун эң төмөнкү деңгээли Беларуста болгону - 0,2%ды түзөт.