akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Cabar.asia

    Жарыяланган

    2021-17-11, 07:35

    Кыргызстанда 613 миң адамды которулган акчалар жакырчылыктан куткарат

    Пандемия жакырлардын жана жумушсуздардын санын көбөйттү. 2020-жылы жакырчылыктын деңгээли 25,3% (2019-жылга салыштырмалуу +5,2 пайыздык пункт) жана өтө жакырчылык 0,9% (+0,4 пайыздык пункт) түздү. Бул тууралуу БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан даярдалган “2021-жылга Кыргыз Республикасындагы жакырчылык, азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча талдоо” баяндамасында айтылды.

    Региондор боюнча алганда, жакырчылыктын дењгээлинин эң көп өсүшү Жалал-Абад, Нарын жана Чүй облустарында, ошондой эле Бишкек шаарында байкалган.

    "2020-жылы акча которууларды эсепке албаганда, жакырчылыктын деңгээли байкалган деңгээлден 9,3 пайыздык пунктка жогору болушу мүмкүн. Башкача айтканда, 613,8 миң адам акча которуулардын эсебинен жакырчылыктын чегинен жогору турат", - деп айтылат изилдөөдө.

    Ошол эле учурда, отчеттун авторлорунун айтымында, бул көрсөткүч (акча которууларды эсепке албаганда, жакырчылыктын учурдагы деңгээлинин ортосундагы айырма) 2019-жылга салыштырмалуу 1,8 пайыздык пунктка төмөн. Бул пандемиялык кризистин натыйжасында акча которуулардын жалпы азайгандыгын көрсөтүшү мүмкүн.