Жарыяланган
2021-12-05, 05:20Депозиттердин валюталык түзүмү соңку жылдары чоң өзгөрүүлөргө дуушар болду. Бул тууралуу финансы статистикасы бөлүмүнүн башкы адиси Светлана Валуйская маалымат жыйынынын жүрүшүндө билдирди.
Анын айтымында, 2015-жылы валютадагы депозиттердин үлүшү 68,1% түзсө, 2020-жылы чет элдик валютадагы депозиттер калктын бардык аманаттарынын 38,4% түздү.
"Демек, улуттук валютадагы депозиттердин үлүшү 32% дан дээрлик 62% га чейин көбөйгөн", - деди Валуйская.
Анын айтымында, калктын депозиттери банк тутуму үчүн олуттуу каражат булагы болуп саналат. Алар банк секторунун бардык активдеринин болжол менен 35,5% түзөт.