Жарыяланган
2022-27-10, 04:44Өлкөдө спортчулардын айлыгы болгону алты миң сом. Бул тууралуу депутат Эмил Жамгырчиев парламент жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Өзбекстан менен Казакстан өз спортчуларына 3 миң доллардан 5 миң долларга чейин айлык акы төлөшөт.
“Биздин спортчулар жыйынтык көрсөтпөсө айлык албай калышы мүмкүн. Ал эми, коңшу өлкөлөр спортчуларына жыйынтык болбосо да айлык акыларын төрт жыл бою төлөп берүүгө милдеттүү”, - деди депутат.
Жамгырчиев Спорт министрлигин түзүү боюнча тиешелүү документ парламент төрагасынын кароосунда экенин белгиледи.