Жарыяланган
2024-25-10, 12:11Ноябрь айында Сокулук менен Кантта ипотекага үйлөр курула баштайт. Бул тууралуу президенттик аппараттын жетекчиси Каныбек Туманбаев социалдык түйүндөрдө түз эфирде билдирди.
Ал ошондой эле жакында Баткен облусунда курулуш иштери башталганын эске салды.
"Учурда Талас, Жалал-Абад, Ош, Нарын жана Ысык-Көл облустарында да курулуш иштери жүрүп жатат", - деди ал.