akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: ФОМС

    Жарыяланган

    2020-27-01, 05:35

    Ошто бейтаптарга рецепт электрондук түрдө бериле баштайт

    2020 - жылдын январь айынан тарта Ош облусунун үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору жана фельдшердик-акушердик пункту жеңилдетилген антибиотиктерди электрондук рецепт боюнча бере башташат. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришти. 

    «Сары» жана «көк» кагаз рецептери мындан ары кабыл алынбайт.  Аптекадан дары-дармектер бир гана электрондук форматта бериле баштайт. Бул рецепти алуу үчүн ID-карта талап кылынат. 

    «Электрондук рецепти алуунун жолу эң жөнөкөй: врач сиз тууралуу бардык маалыматты электрондук форматка киргизип,  рецепт жазат. Система милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ФОМС) менен келишим түзгөн аптекага рецепти жөнөтөт. Ал эми бейтап аптекага барып, ID-картасын көрсөтүүсү керек. Фармацевт системага бейтаптын ПИН код номурун жана рецептин номурун терет дагы, керектүү дары-дармектерди берет. Муну менен катар системага автоматтуу түрдө компенсациянын көлөмү эсептелинип чыгат», — деп билдирди фонддун өкүлү Гүлжан Исакова. 

    «Электрондук жеңилдетүү рецепт» пилоттук программа 2019-жылдын сентябрь айынан тарта Ысык-Көл облусунда ишке кирген. Облуста 25 миңге жакын электрондк рецепт берилген.