Жарыяланган
2021-28-04, 05:00Үчүнчү кварталда "Майкрософттун" кирешеси өткөн жылдын ошол мезгилине салыштырмалуу 19% көбөйгөн. Бул тууралуу компаниянын веб-сайтындагы киреше жана чыгым жөнүндө отчетто жазылды.
Ошентип, 2021-жылдын алгачкы үч айында "Майкрософттун" кирешеси 41,7 миллиард долларды, ал эми компаниянын таза кирешеси 15 миллиард долларды түзгөн.
"Майкрософт" 2021-жылдын үчүнчү кварталында акционерлерге акцияларды кайра сатып алуу жана дивиденддер түрүндө 10 млрд доллар кайтарып берген, бул 2020-жылдын үчүнчү кварталына салыштырмалуу 1% га көп.