akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-10-12, 13:44

    Ветеринардык кызматтын атайын эсебине 197 млн сом түштү

    Ветеринардык кызматтын атайын эсебине жыл башынан бери мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн 197 млн сом түштү.

    Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен маалымдашкандай, Ветеринардык кызматтын 2024-жыл үчүн атайын эсепке коюлган планы 91,6 млн сом болсо, 11 айда 197 млн сомго аткарылды.

    Анын ичинен:

    • ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун атайын эсебине – 103 763,9 миң сом;

    • райондук башкармалыктардын атайын эсебине – 66 767,0 миң сом;

    • ветеринардык дары каражаттары департаментинин атайын эсебине – 26 514,6 миң сом түшкөн.

    Каражаттын эсебинен эмгек акыга - 118 227,3 миң сом, Социалдык фондго - 20 394,2 миң сом, киреше салыгына - 11 822,7 миң сом жумшалды.


    Тектеш материалды окуу