Жарыяланган
2024-03-07, 05:21Бүгүнкү күндө өлкөдө 19 ветеринардык лаборатория бар, алардын экөө (Бишкек жана Ош шаарларында) ISO эл аралык аккредитациядан өттү. Бул тууралуу Ветеринардык кызматтын директору Улугбек Кожобергенов мамлекеттик мекемелердин жана сүт өндүрүүчүлөрдүн жолугушуусунда билдирди.
Анын айтымында, өндүрүлгөн сүттүн сапаты тармакты өнүктүрүү үчүн маанилүү.
"Бул лабораториялар кычкылдуулугун, тыгыздыгын, ГМО же пестициддерди текшере алат", - деди ал.
Эскерте кетсек, Кыргызстан фермерлер жана заводдор үчүн сатып алуу бааларынын таблицасын түзүүнү көздөп жатат, анда сүттүн сапаты, тыгыздыгы, майлуулугу жана башкалар текшерилет.