akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2024-25-09, 12:30

    Өлкөнүн бардык аймагы бир картада! Эми 2ГИСтен Кыргызстандын картасын көрүүгө болот

    Эми 2ГИСтен Кыргызстандын картасын деталдуу көрүүгө мүмкүн. Тиркеменин колдонуучулары өлкөнүн каалаган аймагындагы уюмдарды жана кызыктуу жерлерди картадан таба алат, ошондой эле аймактар аралык каттамдарды түзө алат!

    Геокызматтын жардамы менен колдонуучулар аттракциондорду, кафелерди, дүкөндөрдү, автосервистерди жана башка уюмдарды таап, ошондой эле аларга каттамдарды түзө алышат. Мындан тышкары, азыр Кыргызстандын шаарлары менен аймактарынын ортосунда каттам жасоого болот, ал тургай 2ГИС навигатору аркылуу коңшу өлкөлөргө, мисалы, Казакстан менен Россияга барууга болот. Кеңири масштабдуу жаңыртуудан кийин 2ГИС Кыргызстандагы 90 миңден ашык уюмдар тууралуу маалымат берет, ал эми картада 1 миллиондон ашык имараттар белгиленген, 6,2 миң кмден ашык жол деталдаштырылган.

    Учурда деталдуу 2ГИС карталары өлкөнүн бүт аймагын камтыйт, мурункуга караганда дээрлик беш эсе көп.  

    Кыргызстандагы 2ГИС кеңсесинин адистери маалыматтардын актуалдуулугунун жогорку деңгээлин сактап, геокызматта карталарды жана маалыматтарды такай жаңыртып турушат. Кошумчалай кетсек, компаниялар жана колдонуучулар жаңы бизнес дареги же жаңы уюмдун пайда болушу сыяктуу өзгөрүүлөр жөнүндө “Ката жөнүндө кабарлоо” формасын колдонуп кабарлай алышат. Адистер күн сайын жөө жүрүп, шаарларды кыдырып, имараттарды, көчөлөрдү, уюмдарды текшеришет.

    “Биз тоодогу жолдорду жана ашууларды аралап өтүп, 2ГИСке коштук. Тоодо да, түздө да ылдамдык бирдей болбогондуктан жол убактысын эсептеп чыктык. Төрт дөңгөлөктүү унаалар гана өтө турган жерлерди белгилеп, ошондой эле маршруттук каттамдардын боюндагы бардык уюмдарды, мекемелерди белгиледик. Жалпысынан биз колдонуучуга республика боюнча жашоого жана саякаттоого ыңгайлуу болушу үчүн бардыгын жасадык”, - дейт 2ГИСтин Кыргызстандагы директору Всеволод Перфильев.

    Карта, Кыргызстандагы уюмдардын каталогу жана навигатор Android жана iOS үчүн 2ГИСтин мобилдик версияларында, ошондой эле веб-сайтта жеткиликтүү.
    Эгер сиз ишенимдүү интернет байланышы бар жерде 2ГИС колдонсоңуз, кошумча эч нерсе жүктөөнүн зарылдыгы жок. Болгону каталог жана карта онлайн жүктөлөт. Ал эми туруктуу интернети жок жерге бара турган болсоңуз, 2ГИС тиркемесинде шаарлардын тизмесинен “Кыргызстан” аталышындагы долбоорду жүктөп алыңыз.

     


    Тектеш материалды окуу