akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2023-22-11, 04:40

    Кыргызстандын ИДПсы 1 трлн сомго жакындады

    Кыргызстандын ички дүң продукциясы 1 триллион сомго жакындады. Маалыматты Экономика министрлиги ишке киргизген эсептегич тастыктап турат.

    Муну менен Кыргызстандын экономикасы маанилүү этапка жетти: Улуттук статистикалык комитеттин алдын ала маалыматына ылайык, жылдын январынан октябрына чейинки мезгилде ИДП 104,5% реалдуу өсүш темпи менен 919 млрд сомдон ашты.

    ИДП бул – жашылча, мөмө-жемиштерден баштап, кен байлыктарга чейин, өлкөдө өндүрүлгөн бардык товарлардын жана транспорт, туризм, соода сыяктуу кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы көлөмү.