akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2024-20-09, 09:53

    «Яндекс» кайрымдуулук фонддорду колдоо программасын кеңейтет

    2023-жылдын сентябрынан бери “Яндекс” компаниясы кайрымдуулук фонддорунун адистери жана фонддор камкордугуна алган жарандар үчүн  Yandex Go кызматы менен акысыз жүрүү үчүн 1,6 миллион сом бөлгөн.  

    Кыргызстанда кайрымдуулук программасы боюнча такси кызматын пайдалануу 2023-жылдын сентябрынан бери иштөөдө. Бул убакыттын ичинде компаниянын төрт фонд өнөктөшү 1,6 миллион сомдон ашык суммага 4,2 миң бекер жолдомо алышкан. Бул тууралуу “Европа плюс” радиосуна Кыргызстандагы Yandex Go кызматынын жетекчиси Тилек Сулайманов билдирди.

    Программага Биринчи балдар хосписи, Help the Children — SKD, “Үмүт—Надежда” жана “Рука в руке” фонддору катышууда.

    Ай сайын долбоордун катышуучуларына дарыланууга, окууга жана башка иштерине байланыштуу такси кызматын пайдаланууга белгилүү бир сумма бөлүнөт. Октябрда жардам көрсөтүү программасы кеңейтилет. Өнөктөш-фонддор сапарларга гана эмес, жеткирүүлөргө да буюртма берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Ошондой эле, документтерди, жабдууларды жана башка буюмдарды жөнөтө алышат.

    Сулайманов кошумчалагандай, бул жылы тиркеменин колдонуучулары жыл сайын өтүүчү “Берешен ноябрь” кайрымдуулук акциясына да катыша алат. Жума күндөрү ар бир 10 км жол үчүн кызмат өз эсебинен өнөктөш каражаттардын пайдасына 1 сом чегерилет. 2023-жылдын күзүндө ноябрь айынын жыйынтыгында өнөктөштүк фонддорго 600 миң сом түшкөн. Акция бардык Yandex Go тарифтериндеги жана кызмат иштеп жаткан бардык шаарлардагы саякаттарга тиешелүү.

    “Бизди “Берешен ноябрь” акциясына башка компаниялар да кызыгуу көрсөтө баштаганы кубандырат. Бул биз үчүн жардамды даңазалоо мүмкүнчүлүгү, фонддорго колдоо көрсөтүү системалуу болушу керектиги жана башкаларга жардам берүү оңой экенине үлгү болуу маанилүү”, - деди Тилек Сулайманов.


    Тектеш материалды окуу