akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2020-02-09, 07:00

    Япония Кыргызстанга 4.7 млн доллар грант бөлөт

    Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитети  Япониядан Кыргызстанга келе турчу  4.7 млн доллар (500 млн иен) гранттын келишимин жактырды. Бул каражатка медициналык жабдыктар сатылып алынат. 

    [news 27634]

    «Саламаттык сактоо тармагында каржы тартыш болгондуктан, заманбап жана жогорку техналогиялык диагностикалык медициналык жабдуулардын жетишсиздиги байкалууда. Ошондон улам, уюмдарында медициналык кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында, КР Өкмөтү тарабынан заманбап диагностикалык медициналык жабдуулар менен камсыздоо үчүн кошумча каржы каражаттарын табуу маселесинин үстүндө иш жүргүзгөн», — деп жазылат маалыматта. 

    Долбоор эки өлкөнүн өкмөтү тарабынан Алмашуу ноталарына кол коюлгандан кийин башталат. 


    Тектеш материалды окуу