Жарыяланган
2024-21-11, 10:0620-ноябрда Жогорку Кеңеш Кыргызстанга Жапония грантын берүү боюнча мыйзам долбоорун ратификациялады. Мыйзам Кыргызстан менен Жапониянын ортосундагы 2024-жылдын 1-августунда кол коюлган алмашуу ноталарын жана гранттык макулдашууну бекитет.
Келишим Бишкектеги атайын клиникалардын медициналык жабдууларын жакшыртууга багытталган.
Мыйзам долбоорун Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген.
Жапон тарап 1,5 миллиард жапон иенине чейин (азыркы курс боюнча 9,6 миллион долларга жакын) грант берет. Бул борбордун медициналык инфраструктурасын өнүктүрүүгө олуттуу салым болуп саналат жана калкка адистештирилген медициналык жардам көрсөтүүчү ооруканалардагы жабдууларды жаңылоого мүмкүндүк берет.