akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2024-14-08, 04:45

    Юань Кыргызстандын күнүмдүк курсуна бешинчи валюта катары кирет

    Улуттук банк ушул жылдын 1-сентябрынан тарта юандын сомго карата расмий курсун күн сайын аныктайт. Бул тууралуу өлкөнүн башкы каржы мекемесинен билдиришти.

    Маалыматка ылайык, Улуттук банк башкармалыгы 7-августта "КР Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө", атап айтканда, Улуттук банк тарабынан кыргыз сомуна карата "Жэнминьби кытай юанынын" (CNY) расмий курсун 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып күн сайын аныктоо боюнча токтом кабыл алды.

    Мындай кадамга эл аралык валюта рынокторунда кытай юанынын маанилүүлүгүнүн өсүшү жана Кыргызстанда валюта курсунун тактыгын камсыздоо зарылчылыгы түрткү болгон.