akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: WWW

    Жарыяланган

    2024-01-07, 07:11

    Кургакчылык Кыргызстанда өндүрүштү азайтышы мүмкүн

    Кыргызстандын экономикасы үчүн негизги коркунучтардын бири кургакчылык жана дарыялардагы суунун азайышы. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын макроэкономикалык прогнозунда айтылат.

    Биринчиден, суунун аздыгы айыл чарбасынын жана энергетика тармагынын көрсөткүчтөрүнө терс таасирин тийгизет.

    "Энергетика тармагындагы өндүрүштүн төмөндөшү экинчи даражадагы таасирлердин өнүгүшүнө, атап айтканда, маал-маалы менен электр энергиясын өчүрүүлөргө алып келиши мүмкүн, бул өз кезегинде экономиканын бардык тармактарында өндүрүштү азайтат", - дешет серепчилер.