akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-09-08, 03:20

    Жакында президенттик аппараттын жаңы имараты ачылат

    Жакында президенттик аппараттын жаңы имараты ачылат. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти. 

    Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров жаңы имараттын атын – “Ынтымак-Манас Ордо” деп жарыялаган. 

    Жаңы администрация Бишкектин түштүк тарабындагы мурдагы “Ысык-Көл” мейманканасынын ордуна курулуп жатат. Болжол менен 30 миң чарчы метрге эсептелген имаратта мамлекет башчынын администрациясы жана Министрлер кабинети жайгашат.