Жарыяланган
2025-11-04, 11:16Жалал-Абад – Бек-Абад – Таможня жолун оңдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Талган жолдун жалпы узундугу 11 чакырымды түзөт. Анын 5 чакырымы 2024-жылы эки тилкелүү болуп бүткөрүлгөн.
Быйыл аталган жолдун 6 чакырымын асфальттоо пландалган.
Учурда курулуш иштери 1,3 чакырымда жүргүзүлүп жатат.