Жарыяланган
2024-29-08, 14:50Жалал-Абад облусунда жаңы административдик имараттын курулушу башталды. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүнүн аппараты жана шаардык мэриянын административдик имараты мурдагы Жазаларды аткаруу кызматынын ордуна курулууда.
Объектти келерки жылы бүткөрүү пландалган. Ал жети кабаттан туруп, массалык иш-чараларды өткөрүүчү аянты жана сейин багы менен болот.