Жарыяланган
2025-10-04, 18:35"Ашар” коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү Алиакбар Каныбек уулу президенттин жана анын уулу Рустам Жапаровдун атын жамынып, элден алдамчылык жол менен акча чогултууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы билдирди.
Милициянын маалыматы боюнча, Алиакбар Каныбек уулу 600дөн ашык адамдан 150 млн сомго жакын акча алган. Ага жарандардан күнүнө 500 000 сомдой акча түшүп турган. Бирок учурда аталган бирикмеде жарандарга акчаны кайтарып берүү үчүн каражат жок.
Укук коргоо органдарына алданган жарандардан арыздар түшүп, анын негизинде Кылмыш кодексинин 209-беренесине (алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
25 жаштагы Алиакбар Каныбек уулу шектүү катары кармалды.
Милиция аталган жаранга алдангандар болсо, "102" же 0 312 43 71 75 номерине кабар берүүсүн суранат.