Жарыяланган
2025-28-04, 17:49Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 100 миң сомдон бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү документке президент Садыр Жапаров кол койгон.
"Бул чечим 1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта фашизмди жеңүүнүн дүйнөлүк тарыхый маанисин, ошондой эле Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоону эске алуу менен кабыл алынды", - деп айтылат маалыматта.
Учурда өлкөдө Улуу Ата Мекендик согуштун 32 ардагери бар. Алар: согуштун 13 катышуучусу, 1 майыбы, концлагерлердин мурдагы жашы жете элек 7 туткуну, "За оборону Ленинграда" медалы жана "Жителю блокадного Ленинграда" белгиси менен сыйланган 11 киши.
Алардын ар бирине 100 миң сомдон акчалай жардам көрсөтүү үчүн президенттин фондунан 3 млн 232 миң сом бөлүнөт.