akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2025-28-03, 12:15

    Жер титирөөдөн Таласта 17 үйдүн дубалынан жарака кетти

    Бүгүн болгон жер титирөөдөн Талас облусунун Каракол айыл аймагынын Көпүрө-Базар айылында 17 турак жайдын дубалдарынан майда жарака кетти.

    Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, аларды ичинен 11 үй камсыздандырылса, алты турак жай камсыздандырылган эмес. Авариялык абалдагы турак жайлар жок. Учурда тактоо иштери жүрүп жатат.

    28-марттын таңында Казакстандын аймагында күчү очогунда 5,5 магнитудасына жеткен жер титирөө болду. Жердин силкинүүсү Кыргызстандын Талас районунун Көпүрө-Базар айылында 5 балл, Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаарында жана Бишкек шаарында болжол менен 4 баллга чейин сезилген.


    Тектеш материалды окуу