Жарыяланган
2024-16-11, 10:40Жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоодо бүгүн тилкеден тышкары добуш берүү жүрүүдө.
Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, ага 9,5 миң адам катышып жатат. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо укугуна ден-соолугунун абалы, жаш курагы жана башка олуттуу себептер боюнча участокко келе албагандар ээ.
Ал эми жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоонун өзү эртең, 17-ноябрда болот.