akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2021-17-03, 03:25

    Жерүй: «Бакубат Талас» фонду төрт жылдагы иши боюнча отчет берди

    «Алтын Альянс» ЖЧКсынын ишмердүүлүгү башталгандан тарта, Талас облсунун социалдык көйгөйлөрүн «Бакубат Талас» фонду чече баштады. Фонд Жерүй тарабынан 2016-жылы негизделип, жүздөгөн долбоорлорду ишке ашырууга жетишти.

    [news 33219]

     

    Бул убакыт аралыгында «Алтын Альянс» тарабынан фонд 600 млн сомго каржыланган. Анын ичинен 220 млн сом социалдык долбоорлорго, 380 млн сом – ишкерлерди жана региондогу фермерлерди колдоого багытталган.

    Жалпысынан «Бакубат Талас» 341 долбоорду ишке ашырды. Каражаттар төмөнкү тармактарга жумшалган:

    • билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү – 42.2 млн сом;
    • инфраструктураны өнүктүрүү – 32.6 млн;
    • саламаттык сактоо тамрмагына – 24.4 млн;
    • спорт 19.3 млн сом;
    • админстративдик жана укук коргоо органдарына – 8.9 млн сом;
    • маданият – 10.5 млн;
    • айыл чарба тармагы – 9.2 млн;
    • калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу – 8.9 млн сом;