akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-10-04, 17:25

    Жибек Абдуллаева Жеке маалыматтарды коргоо агенттигинин директорунун орун басары болду

    Жибек Абдуллаева Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

    Дайындоо тууралуу чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

    Жибек Абдуллаева буга чейин Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары, Санриптик өнүктүрүү министрлигинин Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөл кызматынын башчысы кызматтарын ээлеген. 


    Тектеш материалды окуу