akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2022-03-06, 09:00

    Жыл башынан бери 60 млрд сом салык жыйналды

    Ушул жылдын январь-май айларында Мамлекеттик салык кызматы бюджетке 60 млрд 866 млн сом салык жана төлөмдөрдү жыйнады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

    Маалыматка ылайык, бекитилген план 102,1 %га аткарылды же салык 1 млрд 245,6 млн сомго ашык чогултулду.

    2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу каражат 22 млрд 436 млн сомго көп жыйналды (өсүү ыргагы 158,4 %).