Жарыяланган
2024-10-09, 11:16Ушул жылдын январь-август айларында ички дүң продукциянын көлөмү алдын ала эсептөөлөр боюнча, 798 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрага орун басары Бакытбек Шокенов билдирди.
Анын айтымында, көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,6%га өскөн.
"2024-жылдын январь-августунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 330 млрд сомдон ашып, 2023-жылдын январь-августуна салыштырмалуу 0,7%га өскөн. Мындай көрсөткүч тазаланган мунай продуктыларынын 1,7%га, жыгач жана кагаз буюмдарынын, полиграфиялык ишмердүүлүктүн 36,3%га, тамак-аш продуктыларынын жана тамеки каражаттарынын 19,6%га, фармацевтикалык продукциянын 17,9%га, резина, пластмасса каражаттарынын жана курулуш материалдарынын 10,1%га, андан тышкары тесктил жана кийим өндүрүшүнүн 8,1%га өсүүсү менен шартталды", - деди ал.
Шокенов кошумчалагандай, курулушта оң тенденциялар байкалып, көлөмдүн өсүшү 39,2%, дүң жана чекене соодада 6,2%, ошондой эле айыл чарбасында 7,3% түздү.