Жарыяланган
2024-19-11, 11:08Кыргызстанга жыл башынан бери сырттан 2 миллиард 250 миллион доллар которулду. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады.
Ага ылайык, сумманын басымдуусун Орусиядан эмгектенген мигранттар жөнөткөн. АКШдан Кыргызстанга 45,5 миллион доллар жиберилген.
2023-жылы сыртта жүргөн жеке адамдардан Кыргызстанга 2 млрд 706 млн доллар келген. Анын ичинен басымдуу бөлүгү Орусиядан 2,5 млрд доллар, АКШдан 45,3 млн доллар, Түштүк Кореядан 60,1 млн доллар которулган.