akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-13-11, 16:47

    Жыл башынан бери кызамык менен дээрлик 13,5 миң адам ооруду

    Жыл башынан бери Кыргызстанда кызамык оорусуна чалдыккан 13 миң 475 учур катталып, оорудан үч адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунан билдиришти.

    Белгиленгендей, оорулуулардын 1 миң 314ү чоңдор, 12 миң 161и балдар, алардын 9 миң 67си 4 жашка чейинкилер.

    Эскерте кетсек, 20-сентябрга карата бул илдеттин 13 миң 320 учуру катталган.

    Кызамык менен ооругандар эң көп Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталган.
     


    Тектеш материалды окуу