akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-11-03, 11:11

    ЖК турак жайды камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзам долбоорун жактырды

    Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети бүгүн, 11-мартта кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоорун үчүнчү окууда карады.

    Мыйзам долбоорунун демилгечиси – Министрлер кабинетинин төрагасы.

    Мыйзам долбоору тууралуу маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Гүлшат Асылбаева бери. Анын айтымында, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын турак жайды милдеттүү камсыздандыруу жана автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык жоопкерчилиги чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларын шайкеш келтирүүгө багытталган.

    "Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын президентинин "Камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгын, "Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу жана турак жайды милдеттүү камсыздандырууга тиешелүү ченемдик укуктук актыларды ушул мыйзамга ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан", - деди баяндамачы.

    Комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырышты.


    Тектеш материалды окуу