Жарыяланган
2020-15-07, 04:40Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабековдун тапшырмасы менен парламенттик Аппараттын Эл аралык байланыштар жана протокол бөлүмү жүргүзгөн сүйлөшүүлөрдүн негизинде Ян Цайпинь айым баштаган Кыргызстандагы кытай ишкерлеринин Ассоциациясы 30 кычкылтек концентраторун берди. Көмөк көрсөткөн ишкерлердин катарында Умар Ашим, Шерали Абдикерим жана Супражим Даават бар.
[news 26121]
Ишкерлер менен болгон жолугушууда төрага ушундай оор учурда көрсөткөн көмөгү үчүн Ассоциацияга ыраазычылык билдирди.
Коронавирус илдети менен күрөшүү боюнча Республикалык штабдын көрсөтмөсүнө ылайык аталган кычкылтек концентраторлору муктаж болгон аймактык саламаттыкты сактоо мекемелерине жөнөтүлөт.