akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-18-06, 03:20

    Жубайынын макулдугусуз 100 миң сомго чейин насыя алууга уруксат берүү сунушталды

    Улуттук банк жарандарга жубайлардын биринин (аялы же күйөөсүнүн) макулдугусуз 100 миң сомго чейин насыя алууга уруксат берүүнү сунуштап жатат. Документ коомдук талкууга чыгарылды.

    Учурда Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, 50 миң сомдон жогору насыялар үчүн кардардын жубайынын макулдугу талап кылынат. 

    Эми Улуттук банк аталган сумманы эки эсеге көтөрүүнү, тактап айтканда, аялы же күйөөсүнүн кат түрүндөгү макулдугусуз эле жубайлардын бирине 100 миң сомго дейре насыя алууга шарт түзүүнү сунуштоодо.