akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-30-04, 15:22

    Жумуш берүүчү кызматкерди эс алуу күнү иштетсе, канча акча төлөп бериши керек?

    Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жумуш берүүчү кызматкерди дем алыш жана эс алуу күндөрү иштеткени үчүн кандай кенемте бериши керектигин эске салды. 

    Кыргызстанда мыйзам боюнча 21 жумушчу эмес майрам жана эс алуу күндөрү (алтынчы жана базар күндү кошпогондо) бар. Алар:

    1) 1, 2, 3, 4, 5, 6-январь - жаңы жылдык каникулдар;

    2) 8-март - Аялдардын эл аралык күнү;

    3) 21-март - Нооруз майрамы;

    4) 1, 2, 3 ,4, 6, 7, 8-май - май каникулдары;

    5) 5-май - Конституция күнү;

    6) 9-май - Жеңиш күнү;

    7) 31-август - Кыргызстандын Көз карандысыздык күнү.

    8) "Орозо айт"менен "Курман айт" жана 7-январь - "Ыйса Пайгамбардын туулган күнү" (православное рождество)

    Андан тышкары өлкөдө 23-февраль - Мекенди коргоочулардын күнү, 7-апрель - Элдик Апрель революциясынын күнү, 7 жана 8-ноябрь - Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү расмий майрамдардын катарына кирет. Бирок алар азыр иш күнү болуп саналат. 

    Министрлик билдиргендей, Эмгек кодексинин 67-беренесине ылайык, дем алыш жана жумушчу эмес майрам күндөрү иштөөгө тыюу салынат. 

    Бир нече учурда кызматкерди жумушка тартууга жол берилет, бирок анын жазуу түрүндөгү макулдугу керек:

    • авариялардын, кырсыктардын жана жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин алдын алуу же жоюу үчүн;
    • кырсыктарды, мүлктүн бузулушун же жок болушун алдын алуу үчүн;
    • мекеменин же анын бөлүмдөрүнүн үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо үчүн күтүүсүз жана шашылыш жумуштарды аткаруу үчүн.

    "Майрам күндөрү өндүрүштүк-техникалык себептерден улам токтотууга мүмкүн болбогон иштерге (токтоосуз иштеген уюмдарда), калкты тейлөө, шашылыш оңдоо жана жүк түшүрүү-жүктөө иштерине жол берилет. 

    Башка бардык учурларда кызматкерди жазуу түрүндөгү макулдугу жана кызматкерлердин өкүлчүлүк органынын макулдугу менен гана жумушка тартууга болот", - деп айтылат маалыматта. 

    Эгер иш берүүчү жумушчу эмес майрам же дем алыш күнү кызматкерди иштетсе, анын ордуна өзүнчө эс алуу күнүн бериши керек (же аны эмгек өргүүсүнө кошууга болот). Болбосо иштеген күнү үчүн кеминде эки эсе көп эмгек акы төлөшү зарыл. 


    Тектеш материалды окуу