Опубликовано
04.06.2020, 11:30КР Социалдык фондунун колл-борбору 2020-жылдын январь-май айларында 23 миң 253 кайрылуу кабыл алды. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматы билдирет.
[news 24889]
Маалыматка ылайык, колл-борбору негизги социалдык камсыздандыруу, пенсиялык камсыздоо жаатындагы маселелер боюнча 1202 кыска номери аркылуу толук түшүндүрмөлөрдү берүүдө.
«Үстүбүздөгү жылдын май айында колл-борборуна 2979 кайрылуу келип түшкөн. Андан тышкары сайт аркылуу онлайн-офлайн режиминде 484 сайт аркылуу электрондук кайрылуу келип түшкөн», - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, кайрылуулардын басымдуу бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрдү төлөөчүлөрдөн, иштебеген жарандардан, чет өлкөлүк жарандардан, пенсионерлерден жана иштеген пенсионерлерден келип түшөт.