akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    16.10.2020, 06:20

    Кыргызстанда доллардын курсу дароо көтөрүлүп кетти, коммерциялык банктарда америка валютасы 81.9 сом менен сатылууда. Бул убактылуу бир-эки күндүн ичинде абал турукташат. Бул тууралуу Улуттук банктын жетекчиси Толкунбек Абдыгулов билдирди.

    [news 29087]

    Анын айтымында, курстун жогорулашына өлкөдөгү айрым факторлор таасир эткен.М: бир жума банктар иштеген жок. Буга байланыштуу соодага, күйүүчү май жана импортко төлөмдөр көбөйүп кеткен. Андан сырткары, өлкөдөгү саясий абал дагы өз таасирин тийгизди. Кыска убакыт аралыгында калк жана бизнестин курска болгон кыска мөөнөттүү талабы жогорулап кетти.

    «Бул канча убакытка созуларын эч ким айта албайт. Бул бизнестен жана калктан таасир этет. Эч кандай фундаменталдык же ири факторлор жок», — деп билдирди Абдыгулов.


    Читать похожее

    • 11.02.2021, 23:00:34
    • 16.10.2020, 00:20:14
    • 02.10.2019, 03:36:35