akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    05.07.2024, 11:04

    Чүй облусунун Жогорку Ат-Башы айылында өлкөдөгү биринчи кабель өндүрүүчү завод ачылды.

    «Айыл Банк» ААК бул маанилүү долбоорду ишке ашырууда өнөктөш катары заводдун курулушу менен ишке киргизилишине 4 млн 700 миң доллар каражат бөлдү.

    Жаңы завод 60 тоннага чейин алюминий, 30 тоннага чейин жез жана 150 тоннага чейинки көлөмдөгү чийки заттарды иштете ала турган алдыңкы жабдуулар менен жабдылган.

    Бул ишкана жергиликтүү калкты иш менен гана камсыз кылбастан, ички жана тышкы рынокто ийгиликтүү атаандаша турган ата мекендик өндүрүүчү боло алат.

    Заводдун ачылышы бюджеттин киреше бөлүгүнүн салыктардан жана башка жыйымдардан көбөйүшү, өнөр-жай ишмердигин өнүктүрүү жана өлкөнүн импорттон көз карандылыгын азайтуу сыяктуу экономикалык пайдаларды алып келет.

    "Айыл Банктын" адистеринин маалыматына ылайык, банк Кыргызстандын өнөр-жай дараметин бекемдеген жана өлкөнүн экономикалык өнүгүшүнө салым кошо турган ушундай маанилүү долбоордун өнөктөшү болгондугу менен сыймыктанат.


    Читать похожее