Опубликовано
06.03.2024, 04:51Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Көк-Сай айылында 140 орундуу жаңы бала бакча курулууда. Бул тууралуу Мамкурулуштан билдиришти.
Маалыматка ылайык, объекттин курулушу 2017-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Курулуш иштерин 2024-жылдын биринчи жарымында бүтүрүү пландалууда.
Бакчанын жалпы аянты 1480,9 чарчы метрди түзөт.
Бакчада иш-чаралар, оюндар жана эс алуу үчүн жайлар, ашкана, кампалар, музыка класстары жана медициналык кабинет болот.