Опубликовано
23.02.2024, 05:59Кийинки аптада 27-февралда Ак-Босого конушунда суу болбойт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, саат 9:00дөн 15:00гө чейин аталган конуштагы турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки мекемелерге, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык, тиричилик жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу берүү токтотулат.
“Суу Ак Босого-1, Ак Босого-2 конуштарында оңдоо иштерине карата өчүрүлөт”, - деп айтылат маалыматта.