Опубликовано
21.12.2023, 11:00Ак-Талаа айылында Нарын райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыгынын санитардык-эпидемиологиялык бөлүмүндө вакциналарды сактоочу кампанын курулушу аяктады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, курулуш Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган COVID-19 өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү долбоорунун аркасында мүмкүн болду.
Жаңы кампа имараты бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарга, ошондой эле “муздак чынжыр” талаптарына (белгиленген температуралык шарттар жана сактоонун башка шарттары) жооп берет.