Опубликовано
23.03.2022, 05:13“Акчабар” финансы порталы апрель айынын башында Бишкекте өтө турган MedExpo Kyrgyzstan 16чы эл аралык саламаттыкты сактоо көргөзмөсүнүн расмий медиа өнөктөшү болот.
MedExpo Kyrgyzstan – бул Кыргызстандагы медициналык жаңы техникалардын иштелмелерин, керектелүүчү заманбап материалдарды жана медициналык буюмдарды таанытуучу негизги аянтча болуп саналат.
MedExpo көргөзмөсү иштей баштагандан тарта медицина мекемелеринин кызматкерлери, илимпоздордун, жеткирүүчүлөрдүн, дилерлердин жана заманбап мединициналык жабдууларды, инструменттерди, дары-дармектерди жана медицинага багытталган продукцияларды жасагандардын ортосунда тажрыйба алмашуу үчүн оптималдуу аянт болуп берүүдө. Ал өз кезегинде саламаттыкты сактоо системасын модернизациялоо программасын ишке ашырууга жана медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга көмөктөшөт.
Кошумчалай кетсек, иш-чара 4-6-апрель күндөрү Дене тарбия институтунун аймагындагы аянтта өтөт. Биргелешкен көргөзмө экспозициясына сегиз өлкөдөн 70тен ашык компания катышат. Алар Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Польша, Россия, Түркия, Өзбекстан мамлекеттери. Андагы иш программада семинарлар, мастер-класстар, жаңы технологиялардын жана жабдуулардын презентациялары камтылган. Иш-чараны көргөзмөлөр менен иштөөчү BiExpo компаниясы уюштурууда.