Опубликовано
01.02.2024, 08:25Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Казакстандын Алматы шаарына келди. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Акылбек Жапаров иш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына жана “Digital Almaty 2024: Индустрия X” эл аралык санарип форумуна катышат.
Мындан тышкары, ал бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.