Опубликовано
12.01.2022, 11:20Министрлер кабинети тарабынан “Акциз салыгын санариптик башкаруу боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоорду жүргүзүү жөнүндө” токтом кабыл алынды.
Аталган документ салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүүнүн алкагында акциз салыгын башкарууну өркүндөтүү жана жөнөкөйлөштүрүүгө багытталган.
“Акоголдук жана тамеки продукцияларын идентификациялоо каражаттары менен маркалоо аркылуу акциз салыгын санариптик башкаруу механизмдерин киргизүү сунушталууда”,- деп айтылат министрлер кабинетинин маалыматтында.
Пилоттук долбоор ийгиликтүү натыйжага ээ болгон жана кийин акциздик маркаларды колдонуудан баш тартылган учурда, маркаланган акциздик продукцияны өндүрүүчүлөргө жана импорттоочуларга акциздик маркаларды алууга жана колдонууга операциялык жана финансылык чыгымдарды кыскартууга мүмкүндүк берет.
Министрлер Кабинетинин аталган чечими төмөнкүлөргө багытталган: