akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    13.05.2024, 08:20

    Өлкөнүн алыскы жана бийик тоолуу аймактарында жашаган үй-бүлөлөргө үчүнчү баласы төрөлгөндө ай сайын жөлөк пул төлөнөт. Тишелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитети үчүнчү окууда жактырды.

    Мыйзам долбоорунун демилгечилери Камила Талиева, Марлен Маматалиев, Шарапаткан Мажитова жана башкалар болгон депутаттар тобу болду.

    Мыйзам долбоору жетүүгө кыйын аймактарда, чек ара тилкелеринде жана өзгөчө статусу бар аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган.

    "Ага ылайык, үчүнчү бала үч жашка чыкканга чейин ай сайын жөлөк пул төлөнөт", - деп айтылат маалыматта.

    Мыйзам долбоору Кыргызстандын алыскы аймактарындагы демографиялык абалга оң таасирин тийгизет деп күтүлүүдө.


    Читать похожее

    • 13.05.2024, 02:20:42