akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    02.08.2024, 04:10

    Бишкек шаарынын мэриясы менен түркиялык Altay Enerji компаниясынын ортосунда “Бишкексельмаш” ЖЭБинин курулуш долбоору боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

    Инвестициялык келишим BOT (Build – Operate – Transfer) модели боюнча кызматташууну болжолдойт.

    Газ менен иштей турган ЖЭБтин электр кубаттуулугу 100 мегаватт, ал эми жылуулук кубаттуулугу 240 мегаватт болоору пландалууда.

    Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев “Бишкексельмаш” ЖЭБин курууга жана жабдууга кеткен чыгым 200 млн долларга бааланганын билдирген.


    Читать похожее

    • 01.08.2024, 22:10:05